Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 18/64
Айыл аймагында таштанды чыгаруучу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруучу жер уюштуруу үчүн жер бөлүп берүү максатында Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Күнгөй айылындагы Жолой участкасындагы мурунку кирпич заводдун ордун 0,50 га жерди таштанды чыгаруучу жер уюштуруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Таштанды чыгаруучу үчүн бөлүнгөн жер аянттын мыйзамга ылайык күбөлөндүрүүчү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Аскарбек уулу Ноорузга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеевге тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |