Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-сентябры № 18/66
Айыл аймагында Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата каражат бөлүү жөнүндө
Айыл аймагыныда Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата каражат бөлүп берүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.08.2018-жылдагы № 558 буйругун аткаруу максатыындаКош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагыныда Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесин Республикалык маанидеги иш чараны уюшкандыкта өткөрүү жагы белгиленсин.
2 Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыга арналган иш чаралардын алкагында делегациялардын жолугушууларын уюштурууга – 42,0 сом бөлүнүп берилсин.
3. 31-август Эгемендүүлүк күнүнө каралып бирок пайдаланылбай калган 15,0 миң сом Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун күмбөзүнүн жанына мамлекеттик туусун көтөрүүгө жумшалсын.
4. Башка кызмат көрсөтүүлөргө , социалдык-маданий, спорттук иш чараларды уюштуруу, ошондой эле жагы башка кызматтарга ( боз үйлөрдү, жүктөрдү ташып жеткирүү таштандыларды чыгаруу , ат майданы , спорт аянчаларын түздөө, кум төгүү ж.б. жумуштар – 58,0 сом .
5. Сметада спорттук мелдешти уюштурууга каралган 15,0 миң сом Сагынбайдын 150 жылдык мааракесине жумшоо үчүн айылдык Кеңештин депутаттарына бөлүнүп берилсин.
6. Сметдагы негизги каражатка өздүк салым деп каралган 45,0 сомго өзгөртүү киргизилип Улуу Манасчы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына жумшалсын.
7. Сметадагы көчмөндөр оюнуна каралган 42,0 миң сомго өзгөртүү киргизилип сентябрь айынынын 2-он күндүгүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өтүүчү “ Арык-Мырза уурусунун” делегацияларынын жолугушуусуна катышуучуларды алып барып келүү жана тейлөөгө - 20,0 миң сом , калган 22,00 миң сому дагы Сагымбайдын мааракесине жумшалсын Жалпысы : - 217,0 сом
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы ФЭБ нүн башчысы С.Капаровго тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |