Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры № 19\69
Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында таштандыларды чыгаруунун наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Т..Абыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймктык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл өкмөт башчысы Абыкеев Темирболоттун Кош-Дөбө айыл аймагында таштандыларды чыгаруунун үчүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын.
2. Кош-Дөбө айыл аймагында графикке ылайык таштандыларды чыгаруунун наркы (тарифи) бир айга ар бир түтүнгө 44 (кырк төрт) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ырысбек Бектен |