Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-октябры № 19\70
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан-чоң манап Ормон-хан Ниязбек уулунун ысымын Кош-Дөбө айыл аймагына берүү жөнүндө
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салым кошкон тарыхый инсан-чоң манап Ормон-хан Ниязбек уулунун ысымын Кош-Дөбө айыл аймагына берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абыкеевдин маалыматын угуп жана 15.10.2018-жылдагы № 16 элдик жыйындын токтомунун негизинде Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон-хан айыл аймагы кылып которуу жөнүндө Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын 15.10.2018-жылдагы № 16 элдик жыйындын токтому жактырылып Кош-Дөбо айыл аймагына Ормон-хан айыл аймагы ысымы берилсин.
2. Токтомду бекитип берүү жагы тийиштүү органдардан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Ырысбек Бектен |