Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры № 20\71
Кара-Күңгөй айылына жаңы бала бакча салуу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылына жаңы бала бакча салуу үчүн жер бөлүп берүү максатында Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин күн чыгыш тарабынан, түштүгү Мечит, батышы жол, чыгышы мектепт жаңы бала бакча салууга 0,40 га жер Кара-Күңгөй айылындагы “ Аруузат ” бала бакчасынын карамагына өткөрүлуп берилсин.
2. Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинен – 0,40 га га жери кемитилсин.
3. Жерди жеринен тактап чек араларды чектеп брүү жагы жер адис Аскарбек уулу Ноорузга тапшырылсын.
4. Бала бакча салуу үчүн бөлүнгөн жер аянттын мыйзамга ылайык күбөлөндүрүүчү документтерин бүткөрүү жагы бала бакчанын башчысы Усупбаева Назира Жумабековнага милдеттедирилсин.
Төрага | Ырысбек Бектен |