Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры № 20\72
Кош-Дөбө айыл аймагынын 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүү стратегиясын бекитүү тууралу
Кош-Дөбө айыл аймагынын жаштарына Айылдык Кеңеш жана айыл өкмөтү тарабынан дайым колдоо көрсөтүү үчүн GIZ долбоорунун алкагында туруктуу жаштар саясатын түзүү тууралу 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында Кош-Дөбө айыл аймктык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Күңгөй , Кара-Саз айылдарынын жаштарынын, мектеп парламенттеринин коомдук угууларын эске алуу Кош-Дөбө айыл аймагынын 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүү стратегиясы бекитилсин.
2. Стратегиялык планды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен тиешелүү каражаттарды бөлүп берүү жагы белгиленсин.
3. Айыл аймагынын 2019-2021-жылдарга карата жаштар тармагын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ырысбек Бектен |