Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 1
Каду,Ак-Тоок,Кыз-Көл айылдарына Таза суу чыгаруу жөнүндө
Таза суу чыгаруу боюнча Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн ишенимдүү өкулү Супатаев Мундузбайдын жана Каду айылынын айыл башчысы А.Жееналиевтин маалыматтарын угуп жана Каду айылынын тургундары Г.Бөбөшеванын,А.Энназарованын макуулдук каттары менен таанышып,талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каду айылынын тургундары Г.Бөбөшеванын жанаА.Энназарованын макуулдук катынын негизинде Г.Бөбөшеванын өзүнө таандык тамарка жеринен 0,10га жер аянтын,А.Энназарованын өзүнө таандык тамарка жеринен 0,20 га жер аянты көз крансыздык балоонун негизинде сатылып алынып,Кыз-Көл айыл өкмөтүнун балансына алына алынсын жана скважина казуу үчүн берилсин.
2. Каду,Ак-Тоок,Кыз-Көл айылдарынын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 20500(жыйырма миң беш жүз)метр негизги таза суу түтүгү жана 40600(кырк миң алты жүз)метр негизги таза суу түтүгүнөн бөлүнгөн тармактык түтүгү жогорудагы айылдар аркылуу өткөрүлүп,анын ичинен Каду айылы боюнча 5 500(беш мн беш жүз)метр негизги таза суу түтүгү жана 10800(он мн сегиз жүз)метр негизги таза суу түтүгүнөн бөлүнгөн тармактык түтүгү ,Ак-Тоок айылы боюнча 5 000(беш миң)метр негизги таза суу түтүгү жана 6 800(алты миң сегиз жүз)метр негизги таза суу түтугүнөн бөлүнгөн тармактын түтүгү Ак-Тоок айылынын Ак-Талаа участкасы боюнча 8 000(сегиз миң) метр негизги таза суу түтүгү жана 16 000(он алты миң)метр негизги таза суу түтүгүнөн бөлүнгөн тармактын түтүгү,Кыз-Көл айылы боюнча 2 000(эки миң)метр негизги таза суу түтугү жана 7 000(жети миң)метр негизги таза суу түтүгүнөн бөлүнгөн тармактын түтүгү өткөрүлсун.
3. Жер аянтын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Осмоналиев |