Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 2
Кара-Булак айылына машыктыруучу зал куруу жөнүндө
Кыз-Көл айылдык кеңешинин депутаты С.Абдурасуловтун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айылындагы Кара-Булак жалпы билим берүүчү орто мектебинин балансында турган жер аянтынан машыктыруучу залын курууга 0,04га жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке жүктөлсүн.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Тиллабек уулу Талантбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Осмоналиев |