Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-июну № 3
Кызыл-Кыя айылына Мечит куруу жөнүндө
Кызыл-Кыя айылынын тургуну Жапарова Турдунун кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя айылынын тургуну Т.Жапарованын кайрылуусунун негизинде,өзүнө таандык тамарка жеринен 0,08га жер аянты,айыл өкмөтүнүн балансына алынып,мечит курууга уруксат берилсин.
2. Жер аянтын тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Осмоналиев |