Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-августу № 2
Кыз-Көл айылына мектепке чейинки балдар уюумун ачуу жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кыз-Көл айылында мектепке чейинки балдар уюуму ачылып жаткандыгына байланыштуу Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айылына мектепке чейинки балдар уюумун ачууга уруксат берилсин,жылытуу системасын куруу үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 200.0(эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Балдардын тамак-ашына айыл өкмөтүнүн 2019-жылкы жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражаты каралып берилсин.
3. Акча каражатын карап бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Курбанбаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Осмоналиев |