Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-августу № 3
ФАП куруу үчүн жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө
Карамарт айылынын тургуну Тойчуев Мусунун кайрылуусун угуп жана талкуулат Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карамарт айылынын тургуну Тойчуев Мусунун өз арызынын негизинде менчик жеринен ФАП курууга берилген 0,04га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
2. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынган ФАП курууга берилген 0,04га жер аянтына мөөнөтсүз пайдаланууга берилүүчү “мамлекеттик акт” даярдатуу жагы Сузак райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. ФАП курууга көрсөтүлгөн 0,04га жер аянтына АПШ даярдоо жагы Сузак райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
4. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнун жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кушбаковко жүктөлсун.
Төрага | Т. Осмоналиев |