Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-октябры №1
2018-жылга бекитилген чыгымдардан иштетилбей калган жана мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
2018-жылга бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Курбанбаевтин маалыматын угуп жана талкуулап Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1). Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115 беренесине ылайык 2018-жылы бекитилген чыгымдардан 70629 бөлүмүнүн 2221 статясынан Катыраңкы айылынын жолуна шагыл төшөө үчүн каралган 150 000 сомду, 2215 статясынан каар тазалоо үчүн каралган 30 000 сомду, 2221 статясынан Кашка-Терек айылынын ички жолун оңдоого каралган 30 000 сомду, 70921 бөлүмүнүн 3112 статясынан мектептерге акылдуу эсептегич алуу үчүн каралган 100 000 сомду, 3111 статясынан Кайыпов орто мектебинин ремонт иштерине каралган 80 000 сомду, 2222 статясынан мектептерге огнетушитель алуу үчүн каралган 90 000 сомду жалпысы болуп 480 000 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн зарыл жумуштарына жумшоого жана 70629 бөлүмүнөн 3111 статясынан 54 000 сом, 70921 бөлүмүнөн 85 900 сом жалпысы болуп 139 900 сом мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн акча каражаттарын төмөнкү чыгымдарга жылдырылсын:
1. Техника сатып алуу үчүн 44 600 сом.
2. Ак-Тоок айылына ФАП курууга 200 000 сом.
3. УДТ №26, №27 жылытуу системасына 80 000 сом.
4. К.Бакиев орто мектебинин спорт залынын ачылышына 20 000 сом.
5. Элге жардам берүүгө 10 000 сом.
6. Аппарат кызматкерлеринин иш сапар чыгымдарына 69 400 сом.
7. Спорт мектебинин иш сапар чыгымдарына 20 000 сом.
8. Ар түрдүү чыгымдарга 51 300 сом.
9. Д.Шопоков орто мектебинин спорт залынын проектисин колдоо үчүн 20 000 сом.
10. Катыраңкы айылындагы ФАПтын чатырын алмаштырууга уста акысына 28000 сом.
11. АДКны колдоо учун 10000 сом.
12. Кашка-Терек айылындагы ФАПтын мечин оңдоп берүү кызматына 13000.
13. АРИС тарабынан жайыттын проектисин колдоо үчүн 23600 сом.
14. Кыз-Көл бала бакчага көмүр, отун алуу үчүн 30 000 сом жалпысы болуп 619900(алты жүз он
тогуз миң тогуз жүз) сом.
2). Бекитилген бюджеттик чыгымдарды бюджеттик класификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү айыл окмот башчысы А.Кушбаковго жана ФЭБ башчысы М.Курбанбаевке жүктөлсүн.
3). Бекитилген бюджеттик чыгымдарды өзгөртүү жагы Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Т. Осмоналиев |