Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-октябры № 3
Аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак,Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл участкасынын жана Кыз-Көл айылынын аты жок көчөлөрүнө көчө тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун негизинде Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айылындагы Алымкулов Абасбектин үйүнөн Сейитов Жунусалинин үйүнө чейин Эргешов Адан аксакалдын аты ыйгарылсын.
2. Кашка-Терек айылынын Жаңы-Айыл участкасындагы узундугу 600 метр болгон жаңы көчөгө “эл агартуунун отличниги Кыргызбаев Камбардын аты ыйгарылсын.
3. Кыз-Көл айылындагы М.Күчүкбаев атындагы көчөгө паралел жайгашкан экинчи көчөгө Тилекеев Абдикаримдин аты ыйгарылсын.
4. Көчөлөрдү оңдөп-түзөө жана номерлештирүү иштери жогорудагы аты коюулган атуулдардын балдары жана тууган-уруктарына милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Осмоналиев |