Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 3
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жер салыгы көтөрүлбөгөндүгү жөнүндө
Кыз-Көл айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 5- февралындагы кезектеги онунчу сессиясында № 13 токтому менен айыл чарба багытындагы жер салыгы бир эсеге көтөрүлгөн.Айыл чарба багытындагы жер салыгы көтөрүлгөндө Жайыт жерлердин жер салыгы да бер эсе көтөрүлүп кеткен.Ошого байланыштуу жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусунун карап жана талкуулап Эл депутаттарынын Кыз-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин жер салыгы мурдагы ордунда калтырылсын,2018-жылдын 5-февралындагы № 13-токтому жайыт жерлери категориясынын жер салыгына тиешелүү эмес деп табылсын.
2. Жайыттын жер салыгын тактоо жагы жайыт комитетинин эсепчиси Т.Мурзабдиллаевке милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Сооронбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Т. Осмоналиев |