Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры №127/23-7
Кара-Көл нуру” гезитинин редактору Р. Кошматованын кайрылуусу жөнүндө
“Кара-Көл нуру” гезитинин бетине мекеме-ишканалар тарабынан жарыяланып келе жаткан, элге сөссүз жеткирилүүгө тийиш болгон ар кандай максаттагы маалымдамалар, кулактандыруу, жарнама, куттуктоолор үчүн төлөмдөрдү алуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө “ Кара-Көл нуру” гезитинин редактору Р.Кошматованын кайрылуусун, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаардык мэрия жана Кара-Көл шаардык кеңеши “ Кара-Көл нуру “ гезитинин уюштуруучулары болуп саналат. “ Кара-Көл нуру “ гезитинин эмгек жамаатынын айлык акы, социалдык фондго чегерүүлөрү, редакцияны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланат. Ал эми гезит басып чыгарууга кеткен чыгымдар редакциянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү керек. Гезит бетине жарыялоочу материалдар көптүгүнөн мэрия тарабынан гезитти айына 2 жолу чыгаруу талабы коюлуп жатат. Бул талапты аткарууга 2 эсе көп каражат талап кылынат. Гезит редакциянын өздүк каражатынын эсебинен ( гезитке жазылуунун эсебинен) чыгарылгандыктан, каражат табуу булактарын издөө бүгүнкү күндө редакция үчүн өтө зарыл.
Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамынын 3-статьясынын биринчи абзацына ылайык массалык маалымат каражаттарынын иши алардын продукцияларынын сатуунун жана башка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле уюштуруучулардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат.
“Кара-Көл нуру” гезитинин чарбалык ишин уюштурууга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен жүргүзүүгө макулдук берип, тарифин бекитип берүү керек .
Жогорудагылардын негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Көл нуру” гезитинин редактору Р. Кошматованын кайрылуусу, Кара-Көл шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.К.Чаргыновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Кара-Көл нуру” гезитинин чарбалык ишин уюштурууга акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен жүргүзүүгө макулдук берилсин.
3. “Кара-Көл нуру” гезитинин бетине жарыялануучу маалыматтарга ар бир чарчы сантиметрге 10 (он) сом өлчөмүндө төлөм алууга макулдук берилсин.
4. “Кара-Көл нуру” гезитинин редакциясы тарабынан гезит бетине жарнамаларды жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “ Кара-Көл нуру” гезитинин редакциясына ( Р.Кошматова), ал эми контролго алуу шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б. Н. Кыргызалиев |