Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 3-2
Сумсар айыл аймагынын 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнүн 2017-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Ашировдун билдирүүсүн угуп, Сумсар айылдык Кенешинин сессиясы төмөндөгүдөй белгилейт:
Жогорудагы көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкулап, Сумсар айылдык Кенешинин кезектеги VI-чакырылышынын Ш сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйындардан топтоонун көлөмү № 1 тиркеменин негизинде 2017-жылга карата 9741,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Сумсар айыл аймагына тапшырылсын.
2. Сумсар айыл аймагынын жергиликтүү бюджеттинин чыгаша бөлүгү №2 тиркемесинин негизинде2017-жылга карата 9741,7 миё сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттинин укутарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-статьясына ылайык, айыл аймагынын бюджеттинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1%ы же 84 миң сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн.
4. Сумсар айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2017-жылдын 1-январына карата калган 384,9 миң сом акча каражаты № 3 тиркеменини негизинде жумшалары белгиленсин.
5. Сумсар айыл аймагынын атайын каражат эсебинде 2017-жылдын 1-январына карата калган 196,8 миң сом акча каражаты № 4 тиркеменин негизинде жумшалары белгиленсин.
6. Сумсар айыл аймагынын 2018-жылга 9110,3миё сом жана 2019-жылга 9590,3миң сом өлчөмүндө бюджеттик долбоору бекитилсин.
7. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө, бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилерине бекитилген лимиттери максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Курмантаев |