Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 3-5
2017-2021 жылдарга Сумсар айыл аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык Сумсар айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-2021 жылдарга Сумсар айыл аймагынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Рысбековго жүктөлсүн.
3. Токтом кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет
Төрага | Н. Курмантаев |