Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-сентябры № 27/1
Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 9-июлундагы биргелешкен №135-К буйругун жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 6-сентябрындагы коллегиялык жыйынынын №127-К токтомунун негизинде, Гүлчө айылдык округуна караштуу мектептерде оптимизация жүргүзүүнү турмушка ашыруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-сентябрында түзүлгөн комиссиянын, 2012-жылдын 11-сентябрында жана 24-сентябрында Парманас атындагы мектебине жана Сопуев атындагы лицей –мектебине оптимизация жүргүзүү боюнча текшерүүнүн негизинде акт жазылып, Парманас атындагы орто мектебин жана Сопуев атындагы лицей-мектебин бириктирүү боюнча
Гүлчө айылдык округунун айылдык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 27-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаты Исмаилов Манастын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 9-июлундагы биргелешкен №135-К буйругун жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 6-сентябрындагы коллегиялык жыйынынын №127-К токтомунун негизинде, Гүлчө айылдык округуна караштуу мектептерде оптимизация жүргүзүүнү турмушка ашыруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-сентябрында түзүлгөн комиссиянын, 2012-жылдын 11-сентябрында жана 24-сентябрында Парманас атындагы орто мектебине жана Сопуев атындагы лицей –мектебине оптимизация жүргүзүү боюнча текшерүүнүн негизинде акт жазылып, Парманас атындагы орто мектебин жана Сопуев атындагы лицей-мектебин бириктирип, Гүлчө айылдык округунун айылдык Кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 27-заседаниесинин 26-сентябрындагы №27/1 токтомунун негизинде көпчүлүк депутаттардын добушу менен Парманас атындагы мектеби болуп калтырылсын.
2. Бул токтомду аткаруу Алай райондук билим берүү бөлүмүнө жана Алай райондук финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө Гүлчө айылдык округунун башчысынын орун басары Каришов Султанга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Акманов |