Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын тургуну жер көчкүнүн жабырлануучусу Тобокалов Нурбектин Кара –Кыя чатынан үй салганга жер сурап кайрылган арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 23- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесине жана К.Р. жер кодексинин 81 беренесине негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылынын тургуну жер сүрүлүүкоркунучу бар участокто жашап жаткан Тобокалов Нурбекке Кара-Булак айылына караштуу Кара-Кыя чатындагы бош жаткан жер участкасынан 0,06га жер учаткасы турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Какаров Рустамга тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |