Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январында чыккан №59 токтомуна ылайык Гүлчө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 23-январындагы №16/6 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 23- заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.01.2018-жылы чыккан №59токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 06.05.2005-жылдагы №177 токтомунун негизинде түзүлгөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштардагы бош жаткан жер участокторуна жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби боюнча комиссиянын курамы бекитүү жөнүндөгү Гүлчө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 23-январындагы №16/6 токтому жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |