Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январында чыккан №59 токтомуна ылайык Гүлчө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 23-январындагы №16/7 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 23- заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.01.2018-жылы чыккан №59токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 токтомунун негизинде түзүлгөн Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы калктуу конуштардагы бош жаткан жер участокторуна жеке менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндөгү Гүлчө айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 23-январындагы №16/7 токтому жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |