Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/5
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-111 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жана КБФнын жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын аныктоо жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 23-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-111 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин.
1. Таласбеков Султанбек - Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты,
комиссиянын төрагасы.
2. Манас кызы Дамира – Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын убактылуу
милдетин аткаруучу, комиссиянын катчысы.
3.Каришов Султанбек – Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
комиссиянын мүчөсү.
4. Токтосунов Эркин - Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5. Талантбек уулу Азамат – Гүлчө айылдык Кеңешинин депутаты,
комиссиянын мүчөсү.
6. Какаров Рустам – Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси,
комиссиянын мүчөсү.
7. Тоймаматов Максутали – Таш-Короо айылынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
8. Молдоматов Каныбек- Жылы-Суу, Кара-Булак айылдарынын айыл башчысы,
комиссиянын мүчөсү.
9. Арзыкулов Мукташ – Чакмак айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Короо, Жылы-Суу, Кара-Булак жана Чакмак айылдарындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ошол эле жерлердин ижара акысынын баштапкы баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-- 1,0га кайракы айдоо жер үчүн - 400-00сом болуп бекитилсин.
-- 1,0га чөп чабынды жер үчүн – 350-00сом болуп бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |