Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/6
Курманжан Датка айылынын тургуну Ыстамова Нүргүлдүн уулу жана келини экөө тең 3 группадагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана экөө тең эч жерде иштебегендиктен небереси үчүн бала бакчага төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотуп берүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын наамына жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 23 - отуруму Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Сасанов Эралынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Сасанов Эралынын билдирүүсү эске алынсын.
2. Курманжан Датка айылынын тургуну Ыстамова Нүргүлдүн арызы канааттандырылып, Гүлчө айыл өкмөтүнө карашгуу №2 «Дөөлөт» балдар бакчасынын тарбиялануучусу 31.03.2014-жылы туулган Жунусов Алымбек Мусаевич ай сайын төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотулсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |