Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/7
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 40 (кырк) миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 23 - отуруму Гульша Таза суу ИСКАКБнын башчысы А.Иманахуновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гульша Таза суу ИСКАКБнын башчысы А.Иманахуновдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында эскилиги жеткен суу түтүктөрүн алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 40 (кырк) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Акча каражатын мыйзам чегинде которуп берүү жана бөлүнгөн акча каражатынын мыйзам чегинде максатуу пайланылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |