Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/8
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин 5 (бещ) жылдык планын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин 23-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин 5 (беш) жылдык иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |
Гүлчө айылдык кенешинин
2018-жылдын 18-сентябрындагы
№23/8 токтомуна тиркеме №1
ЖАЙЫТТАРДЫ БАШКАРУУ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА БЕШ ЖЫЛДЫК ПЛАНЫ
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык планы
Гулчо А/А жайыт пайдалануучулары көпчүлүк жайыт участокторун 2-3 мезгилди бир пайдаланышат, ал эми айрым участоктор жыл бою пайдаланылат. Айыл аймагынын тургундары жайыт жерлеринен тышкары айыл чарба жерлердин башка категорияларын дагы мал жаюу участоктору катары пайдаланышат (түшүм жыйналгандан кийин айдоо жерлер, көп жылдык бак-дарактар отургузулган, короонун жанындагы жерлер, бадал өсүмдүктөрү, ошондой эле айдалган айдоо аянттары жана башка жерлер).
Төмөнкү 22-таблицада Гулчо А/А боюнча мал жаюу участоктордун аталышы жана аянты, ошондой эле мал жайылуучу участоктордун пайдалануу мезгилдери көрсөтүлгөн (анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категориялары да бар).
Эскертүү: жайыт тоюттарынын жалпы көлөмүн пландоо жана эсептөө учурунда жайыттарды Мезгил боюнча пайдалануунун жыштыгы, анын ичинде мал жаюу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин башка категориялары эске алынган. Натыйжада, жайыттардын Мезгил боюнча пайдалануу аянты көбөйүүдө.
Жайыттардын абалын баалоо учурунда айрым жайыт жерлерин ашыкча пайдалануу же аз пайдалануу байкалса, алардын себеби аныкталат, мисалы, сууга жетүү жолдорунун же суу ичүүчү жайлардын жоктугу.
Учурда Гулчо А/А сугарылуучу айдоо аянттарында түшүм жыйналгандан кийин кеч күзгө чейин мал жайылат (жер үлүштөрү). Ушул себептүү айылдагы жайыттарга болгон жүк, кээ бир райондорду кошпогондо абдан жогору.
ЖК сунуштаган жайыт жүгүн өзгөртүү төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
А/А боюнча жазгы жайыттарда оптималдуу сыйымдуулук 61 жайыт/күндө 2416 ШМБ түзөт. Пландан кийин көрсөтүлгөн мөөнөттө жазгы жайыттарды 2455ШМБ жайылат, жайыт жүгү 1,01% түзөт. Даярдалуучу тоюттун запасы жайыт басымын азайтуу максатында 1510 ШМБ короодо кармоого мүмкүндүк берет. Жайыт жүгү жогору болгон жайыт участокторундагы жайыт пайдалануучулар башка участокторго которулат. Жайыт пайдалануучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда жаз мезгилинде жайыттарга ШМБ оптималдуу саны жайыла тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган. Ал эми малдын бөлүгүн Алай токойчулугунун жайытына келишимдин негизинде пайдаланууга макулдашылды.
- жай мезгилинде чабандарды жүгү жогору болгон участоктордон жүгү азыраак участокторго которуу зарыл. А/А боюнча жайкы жайыттардын ресурстары жетиштүү эмес. Ошондуктан Алай токойчулугуна караштуу Жылы-Суу, Чорго-Булак, Ак-Тор участкаларына келишимдин негизинде жана алыскы Алай жайлоосуна кочуруу зарыл. Алыскы Алай жайлоосундагы жайыттарды пайдаланган чабандарга жеңилдиктер берилген (чабандарты көчүрүүдө ЖПБ/ЖКнын каражаттарынын транспорт уюштурулат).
- күз мезгилинде, жүгү аз башка участокко которуу жүргүзүлөт Күзгү мал жайылуучу участоктордун ресурстары 5346 ШМБ түзөт. Жай жана күз мезгилинде
- кышында, кышкы тоюттун запастары жетишерлик эмес, ошол себептүү ЖК сунушу боюнча мал ээлери башка жактардан тоют сатып алуу жагы колго алынган. Натыйжада кышкы жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу менен ШМБ толук алып чыгууга мумкунчулуктор бар . Активисттер, ЖПБ/ЖКнын мүчөлөрү жайыт пайдалануучулардын арасында жайыт пайдалануучулардын пландары, башка жайыт участокторуна Мезгил боюнча которуулар жөнүндө маалымат таратышат.
2018-жылга карата келечектүү планда малдын тукумун жакшыртуу жана сандан асыл тукумдуулукту жакшыртууга өтүү, малдын азыктуулугун жогорулатуу жана жайыт тиешелүү түрдө пайдалануучулардын кирешелерин өстүрүү максатында жасалма уруктандыруу боюнча көчмө пунктту сатып алуу пландалган.
Мал жайуунун жылдык календардык планы
Гулчо А/А мал жаюу участокторун пайдалануу планы жана мал жаюу графиги
Мындан тышкары, ЖК мал жаюу графигин иштеп чыккан. Бул графикте ар түрдүү участоктордо мал жаюу тартиби, болжолдуу күндөрү жана мезгили белгиленген. Мал жаюу графиги Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча божомолун (бир айга божомол, 3 суткага божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшүн эскертүү) эске алуу менен түзүлөт. Бир айга божомол, иш учурунда, 3 күндүк божомол жана аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу жайыттар боюнча берилген эскертүүлөр менен такталат.
Мал жаюу графиги мал жаюу схемасынын ажырагыс бөлүгү болу эсептелинет (22.1-таблица).
Мал жаюу графигин бир нече жыл бою колдонуу жайыттардын абалын жакшыртуу макстанда мал жаюуну пландоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча Жайыт комитетин иштиктүү курал менен камсыздайт. Жайыт комитети тарабынан аныкталган жана жайыт пайдалануучулар менен макулдашылган жайыт участокторунда мал жаюу мөөнөтүн Айылдык кеңеш бекитет.
Мал жайуу эрежелери
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучу төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
Мал жайуунун алдында Жайыт комитетинен жайыт билетин алууга.
Ветеринардык палатада катталган жергиликтүү ветеринардан бардык эмдөөлөр жана вакцинациялар жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымкат алууга.
Малды Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилгенден кийин гана Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайытка жаюуга (мал жаюу планы жана графиги бул пландын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат).
Жайыт мезгили 1 апрелде башталат.
Күзгү жайыт мезгили 15 ноябрда аяктайт, климаттын шарттарына жараша 30 ноябрга чейин узартылышы мүмкүн.
Жайыт пайдалануучуларды жазгы (орто) жайыттарга которуу 1-майдан 10-майга чейин жүргүзүлүшү шарт.
Жайыт пайдалануучуларды жайкы жайыттарга которуу 25-майдан 30-майга чейин жүргүзүлүшү керек.
Ортоңку күзгү жайыттарга 1-сентябрдан баштап кайтып келсе болот, ал эми мал жайылуучу участокторго түшүм жыйналгандан кийин, 1-октябрдан баштап көчсө болот.
Айдоо аянттарына жакын жерде жайгашкан бардык жайыт пайдалануучулар 20-апрелден баштап жазгы жайыттарга которулуусу талап кылынат.
А/А, ЖКнын адистери, жеке малчы/чабандар менен биргеликте 20-апрелден баштап саан малды жаюу уюштурулат.
Жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык, айыл ичинде 1 жумушчу ат, саан уйлар, 3-5 койду калтырууга уруксат берилет, калган мал жайкы жайыттарга чыгарылышы керек.
Башка учурларда бардык жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлөт, жана жайыт пайдалануу акысы келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык төлөнөт.
МАЛ ЖАЙУУ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДЫК ҮЧҮН ЖООПКЕРЧИЛИК
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен макулдашылып жана жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилген өлчөмдөгү жайыт пайдалануу акысын төлөөдөн баш тартылган учурда, жайыт комитети карызды жана айыпты жана жайыт пайдалануучунун укуксуз иш-аракетинин натыйжасында келип чыккан башка чыгымдарды өндүрүп алуу үчүн документтерди сотко берүүгө укугу бар.
Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө мөөнөтү өтүп кеткен учурда жайыт билетинде көрсөтүлгөн төлөмдүн жалпы көлөмүнөн ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,5% өлчөмүндөгү туум алынат.
Эгерде айылда 1 саан уйлардан ашык мал калтырылса, төмөнкү чаралар колдонулат: Жалпы чогулуштун чечими жана аксакалдар сотунун чечими боюнча малдын ар бир башына 500 сом өлчөмүндө айып салынат.
Эгерде мал айдоо аянттарына жайылып кетсе, алгачкы жолу ооз эки эскертүү берилет, андан кийин:
Бодо малга биринчи жолу - 250 сом, экинчи жолу - 500 сом өлчөмүндө айып салынат.
Майда малга биринчи жолу 50 сом, экинчи жолу 100 сом өлчөмүндө айып салынат, эреже бузуу үчүнчү ирет кайталанган учурда, кетирилген зыян эсептелип, иш аксакалдар сотуна же сот органдарына жөнөтүлөт.
Жазгы, жайкы жана күзгү жайыттарда мал жаюу графигин бузган жайыт пайдалануучуларга, бодо малдын ар бир башына – 250 сом, майда малга – 50 сом өлчөмүндө айып салынат жана жайытка 1 сутканын ичинде кайтып баруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирме берилет.
Жайыт пайдалануучу айып төлөөдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.