Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры № 23/9
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетине АРИС аркылуу келген LOVOI FI 953 фронталдык погрузчик техникасынын иштөө методу жана акы тарифин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин 23-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетине АРИС аркылуу келген LOVOI FI 953 фронталдык погрузчик техникасынын иштөө методу жана акы тарифтери 1-2-тиркемелерге ыйлайык бекитилсин.
2. Биринчи жана экинчи тиркемелерге негизденип мыйзам чегинде иш алып баруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |