Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-сентябры №23/11
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы №2 «Дөөлөт» балдар бакчасына кошумча «Наристе» тайпа ачуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-отуруму Гүлчө айылындагы №2 «Дөөлөт» балдар бакчасынын башчысы Ж.Садыкованын 2018-жылдагы билдирүү катын эске алып жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин билдирүүсү эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы №2 «Дөөлөт» балдар бакчасына кошумча «Наристе» тайпасы ачылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Алай райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |