Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры №24/1
Гүлчө айылынын Токтогул көчөсүнүн №111 үйүнүн тургуну жалгыз бой эне Алиева Гулмизанын эки баласы үчүн бала бакчага төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотуп берүү боюнча айылдык кеңештин төрагасынын наамына жазган арызы жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 24 - отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси Асилбек Раимкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча башкы адиси А.Раимкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Гүлчө айылынын тургуну Алиева Гулмизанын арызы канааттандырылып, Гүлчө айыл өкмөтүнө карашгуу №3 «Наристе» балдар бакчасынын тарбиялануучулары 04.05.2013-жылы туулган Алиев Мухамед жана 19.12.2014-жылы туулган Алиев Абдрахман ай сайын төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотулушсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |