Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 24/2
Ош-Гүлчө-сары-Таш автожолунун 79-чакырымындагы жолдун боюнда жайгашкан мүрзөгө тиешелүү жеринин аянтын тактап мыйзам чегинде муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 24- заседаниеси Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Жумабай Абдазовичтин билдирүүсүн угуп ошондой эле Алай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жумушчу чиймесине жана Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Гүлчө-Сары-Таш автожолунун 79-чакырымындагы жолдун боюндагы аянты 39240,0чарчы метр жер участогу муниципалдык менчикке кабыл алынсын.
2. Гүлчө айылынын жашоочуларынын коомдук муктаждыктарын эске алуу менен мүрзө үчүн 25800,0 чарчы метр жер участогу бөлүнүп берилсин.
3. Калган 13440,0 метр жер участогу аукцондук же конкурстук негизде ижарага берилсин.
4. Тиешелүү юридикалык документин даярдап берүү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |