Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-октябры № 24/3
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылындагы №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин айланасындагы мектепке тиешелүү болгон 50 (элүү) түп теректи кыюуга уруксат берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 24- заседаниеси №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун жалпы чогулушунун протоколуна негизденип жана теректер мектептин окуу класстарына көлөкө кылып, күн нурун тосуп жаткандыктан, катуу шамал болгон учурда мектеп жамаатынын айрыкча окуучулардын коопсуздугун сактоону алдын алуу үчүн 50 (элүү) түп теректи кыйдырып сатып,сатылган теректин акчасына мектептин техникалык базасын чыңдоо үчүн (принтер, компьютер, жб) инвентар алуу максатында Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка айылындагы №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин айланасындагы 50 (элүү) түп теректи кыюуга уруксат берилсин.
2. Теректи кыюу үчүн тиешелүү мекемелерден уруксат иш кагаздарын бүткөрүү мектептин директору М.Нышановго тапшырылсын.
3. Кыйылган теректердин ордуна ийне жалбырактуу дарактар эгилип калыбына келтирилсин.
4. Жогорудагы тал теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |