Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 25/2
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу №9 А.Ысманов атындагы орто мектебинин эскилиги жеткендигине байланыштуу мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2 760 663 сомдук акча каражаты долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20 пайыздык 552 132 сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетине сунушталып, бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдордун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |