Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры № 26/1
Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандарынан талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп талкулоонун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 19.02.2013-жылдагы № 23 Мыйзамынын негизинде Гүлчө айылдык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин(протоколдор тиркелет).
2. Алай районунун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөндөгү жарандар аймактык комиссиясынын курамына сунушталсын:
Убукеева Чынара – Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн жашоочуларынан;
Примкулова Калбү- Жылы-Суу жамаатынан
3. Сунушталган талапкерлердин тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап, даярдап Борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчы Э.Кадыровага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , укук тартибин чыңдоо жана кеңештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Нарматов көчөсүнүн жамаатынын
шайлоочуларынын чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Нарматов көчөсү 13-ноябрь 2018-жыл
Күн тартиби
Алай аймактык шайлоо шайлоо комиссиясынын курамына (резервине)талапкерди көрсөтүү жөнүндө
Укту Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) Убукеева Чынар Турдалиевнанын талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Сулайманов К сунушу
Добуш бергендер
«Макул»10, «Каршы» ______, «Калыс» ______
Чогулуштун протоколу Гүлчө айылдык кенешине жиберилсин
Протоколго төмөнкүлөр тиркелет: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо милдеттенмеси участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө комиссия мүчөлүгүнө талапкердин арызы, пасторттун көчүрмөсү, өмүр баянын, иштеген, окуган жерин, билимин, жашаган жеринин дарегин, телефон номерлерин, шайлоо комиссияларынын курамында мурда иштегендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (резюме) , ошондой эле катышуучулардын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн алардын фамилияларын, аты-жөнүн, иштеген жерин, жашаган жеринин дарегин, телефон номерлерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси.
Төрага _________________ Сулайманов К
(колу)
Чогулуштун катчысы ______________ Мырзабаева А
(колу)
Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жылы-Суу айылынын
шайлоочуларынын чогулушунун
ПРОТОКОЛУ
Нарматов көчөсү 13-ноябрь 2018-жыл
Күн тартиби
Алай аймактык шайлоо шайлоо комиссиясынын курамына (резервине)талапкерди көрсөтүү жөнүндө
Укту Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) Примкулова Калбү талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө Тентимишов К сунушу
Добуш бергендер
«Макул»28, «Каршы» ______, «Калыс» ______
Чогулуштун протоколу Гүлчө айылдык кенешине жиберилсин
Протоколго төмөнкүлөр тиркелет: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо милдеттенмеси участкалык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө комиссия мүчөлүгүнө талапкердин арызы, пасторттун көчүрмөсү, өмүр баянын, иштеген, окуган жерин, билимин, жашаган жеринин дарегин, телефон номерлерин, шайлоо комиссияларынын курамында мурда иштегендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча (резюме) , ошондой эле катышуучулардын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн алардын фамилияларын, аты-жөнүн, иштеген жерин, жашаган жеринин дарегин, телефон номерлерин көрсөтүү менен жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси.
Төрага _________________ Тентимишов К
(колу)
Чогулуштун катчысы ______________ Касымбекова А