Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-ноябры № 26/4
Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндөгү 37 үй Маматова Нусанын үйүнүн жанындагы жашоочуларга коопту болуп калган теректерди кыюу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезексиз 26-заседаниеси Гүлчө –Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Э.Тажиковдунбилдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Нарматов көчөсүндөгү 37 үй Маматова Нусанын үйүнүн жанындагы жашоочуларга коопту болуп калган 8 даана теректер кыйдырылсын.
2. Жогорудагы тал-теректерди мыйзам чегинде кыйдыруу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |