Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 28/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылдагы аткарылышы, 2018-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин планынын долбоорун бекитүү
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга жана 2019-2020- жылга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кенешинин 14-чакырылышынын 28 -отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 31614,3миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 23845,0 мин сом, тендөөчү грант -3769,3 мин сом, атайын каражаттар– 4000,0 мин сомго, республикалык бюджеттен берилуучу каражаттар (средства передаваемые)- 5081,4миң сомго жана чыгаша бөлүгү 37417,1миң сомго аткарылгандыгы эске алынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 32086,8миң сомго жана чыгаша бөлүгү 32 190,6миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 33 248,7миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант жок, өздүк киреше 25477,7 мин сомго жана атайын каражаттар –4230,0 мин сомго республикалык бюджеттен 4938,0 мин сомго бекитилсин.
4. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 40 445,0 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант жок, өздүк киреше 36 215,0 мин сомго, атайын каражаттан-4230,0 мин сомго бекитилсин
5. 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 46 396,0 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант жок, атайын каражат-4230,0 мин сомго өздүк киреше 42 166,0 мин сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
6. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 52 421,0 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант жок, атайын каражат-4230,0 мин сомго өздүк киреше 48 191мин сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
7. Гүлчө айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гулчо айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбеке жана финансы-экономика болумунун башчысы М.Тажикова милдеттендирилсин.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |