Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 28/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитүү
Гулчо айыл өкмөтүнүн айыл Кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 28-отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Т.Байгазаковдун билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга бюджети бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |
Гүлчө айылдык кенешинин 2018-жылдын 21-декабрындагы
№28/2 токтомуна тиркеме №1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылдагы бюджети
Иштелип чыккан бюджет жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунда талкууланат жана Гулчо айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Жайыт пайдалануу акысы жалпы чогулушта жана айылдык кеңеш менен макулдашылгандан кийин жайыт пайдалануу акысынын көлөмү ар бир жайыт билеттин ээси үчүн малдын түрү боюнча аныкталат. Жайыт жерлерин пайдалануу акысы жайыт билетинде көрсөтүлөт.
А/А боюнча малдын ар бир түрүнө жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөнүүчү акынын эсеби төмөндө берилген:
- Бодо мал – 50 сом,
- Жылкы – 50сом,
- майда мал – 10 сом
- сырттан келген малдар учун
Бодо мал -150 сом
Майда жандык -30 сом
Жайыт жерден чоп оргондор учун : 1 га 1500 сом,
Жайытты башка максатта пайдалангандар учун : 1га 10 000 сом
Жайыт комитетинин төрагасы Байгазаков Т