Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 28/3
Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн 28.09.2018-жылдагы «Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы №5 Сулайманов Парманас атындагы орто мектебин жана №8 Түмөн Сопуев атындагы мектеп лицейин оптимизациялоо жана оптимизациялоодон кийин мектептин аталышын аныктап берүү боюнча» чыгыш №294 билдирүүсү жөнүндө
Гүлчө айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 28- отуруму Гүлчө айыл кенешинин депутаты Ж.Калдыбаевдин билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кенешинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы КР Каржы министрлигинин жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 9-июнундагы биргелешкен №135-К буйругу жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2012-жылдын 6-сентябрындагы коллегиялык жыйынынын №127-к токтомунун негизинде, Гүлчө айыл округуна караштуу мектептерде оптимизация жүргүзүүнү турмушка ашыруу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-сентябрында түзүлгөн комиссиянын, 2012-жылдын 11-сентябрында жана 24-сентябрында Парманас атындагы мектебине жана Сопуев атындагы лицей-мектебине оптимизация жүргүзүү боюнча текшерүүнүн негизинде акт жазылып, Парманас атындагы орто мектебин жана Сопуев атындагы лицей мектебин бириктирүү жөнүндөгү №27/1 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д.Т |