Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-июну № 21
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн тракторун иштетүү жөнүндө
Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эгембердиев Жаны-Жер айыл өкмөтүнө АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында Жайыт комитетине МТЗ-82.1 маркасындагы трактор жана А-8524.003 үлгүсүндөгү трактордук арабасы сатылып алынып. Айыл өкмөтүнүн балансына кириштелгендигин жана жайыт комитетине 2018-жылдын 25-июнунан эки тараптуу келишимдин негизинде 5-жылдык мөөнөткө берилгендигин маалымдап, трактор иштетүү үчүн жайыт комитети тарабынан сунушталган тарифти бекитип берүү тууралуу сунушун карап чыгып Жаны-Жер айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Жер айыл өкмөтү менен Жайыт комитетинин ортосунда трактр пайдалануу жөнүндөгү келишими жактырылсын.
2. Жаны-Жер Жайыт Пайдалануучулар Ассосациясынын төрагасы К.Калиловдон трактор иштеүү үчүн тариф сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эгембердиевге калтырылсын.
Төрага | К.Баянов |