Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 30
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы “Достук” ооруканасын жана Арка айылындагы №22 ҮДТ (ГСВ) имараттарын жана жалпы ээлеген жер аянттарын Кулунду Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборунун балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Жаңы – Жер айыл өкмөтүнүн жер адиси В. Узбековтун, КЖДПБнын директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары Ш. Садиловдун, №22 ҮДТ жетекчиси Ж.Юлдашеванын билдирүүсүнүн жана 20.12.2018- жылда түзүлгөн актынын негизинде Жаны-Жер айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун Достук айылындагы айыл Өкмөтүнун муниципалдык менчигиндеги Достук ооруканасынын имаратын жана жалпы ээлеген аянтты 12000 м2 жер тилкесин Кулунду Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборунун балансына өткөрүлуп берилсин.
2. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнун Арка айылындагы айыл Өкмөтүнун муниципалдык менчигиндеги №22 ҮДТ (ГСВ) жана жалпы ээлеген аянтты 2737 м2 жер тилкесин Кулунду Жалпы Дарыгерлер Практикалык Борборунун балансына өткөрүлуп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | К. Айбалаев |