Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 7
Нарын шаардык Кеңешинин 7-март 2018-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясынын №7 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы мурунку мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын кайра кайтаруу жөнүндө №219-б буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 7-март 2018-жылдагы IV чакырылыштагы кезектеги XIV сессиясынын №7 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
2. “Нарын шаарындагы С.Жакыпов көчөсүндө жайгашкан мурунку Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имаратынын муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө” деген токтомдун аталышы алынып салынып, “Нарын шаарындагы мурунку “Бакыт” балдар бакчасынын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө” деген аталышта өзгөртүлсүн;
3. Токтомдун 1-пунктундагы “С.Жакыпов көчөсүндө” жана “Каратал-Жапырык мамлекеттик коругунун имараты” деген сүйлөмдөр алынып салынып, “С.Жакыпов көчөсүнүн №5 дарегинде” жана “”Бакыт” балдар бакчасынын имаратын жана 793,60 чарчы метр жер аянты менен” деген сүйлөмдөр менен толукталсын;
4. “Муниципалдык менчикке өткөрүп алгандан кийин, имараттын ремонттоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн” деген сүйлөм токтомдун 3-пункту катары киргизилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |