Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-апрели № 45
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө 2018-жылы жазгы талаа иштери,жана фондтун жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө 2018-жылы жазгы талаа иштери,жана фондтун жерлерин ижарага берүү боюнча Чолпон-Ата айыл өкумөтүнүн жер адиси Асакеев Анарбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап 7-чакырылыштын 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жазгы талаа иштери,жана фондтун жерлерин ижарага берүү боюнча Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Асакеевдин аткарып жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2018-жылы айыл аймакта жазгы талаа иштерин өз учурунда,уюшкандыкта өткөрүү айыл өкмөт башчысына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине ,айыл башчыларына тапшырылсын.
3. Бул токтом www. сholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |