Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-апрели № 46
“ Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркына жарнама орнотууга жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
“ Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын 11.01.2018-жылкы № 01-9/12-катынын негизинде Чолпон-Ата айыл Өкмөтүнун жер адиси Асакеевдин билдирүүсүн угуп талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин кезектеги 7-чакырылышынын 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Токтогул-Беш-Таш автожолунунун Ак-Булак участкасына кайрылышынын жанынан жарнама орнотуу үчүн “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркына 6,0 метр кв жер аянтын 10 жылдык мөөнөткө ижарага бөлүп берүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |