Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-апрели № 48
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү боюнча вет адис Токтогазиев Көчкөндүн маалыматын угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл аймагындагы мал жандыктарды алдын ала эмдөө, ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү жана ийне сайуунун тарифи боюнча элдин кайрылуусунун негизинде кара малга 20 сом. жандык малга 10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Вет адис К.Токтогазиевга милдеттендирилсин.
3. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |