Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели № 51
“ОсОО Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
”ОсОО Тальвег” жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жана кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү боюнча М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ОсОО Тальвег” ишканасы Чолпон-Ата айыл аймагынын Узун-Акмат участкасынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө карата , Чолпон-Ата айыл аймагынын жалпы тургундары менен биргеликте тушундүрүү иштерин жүргүзүп, элдин макулдугу менен биргеликте иш алып баруу жагы белгиленсин.
2. “Осоо Тальвег” ишканасынын кызматкерлери эл менен жолугушуп түшүндүрүү ишин жүргүзүү үчүн жыйынды уюштуруп берүү жагы Чолпон-ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |