Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели № 52
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Мазар-Суу айылындагы Жоомарт орто мектебинин директору Д.Иметкулованын жана мал чарба адиси К.Токтогазиевдин билдирүүсү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Мазар-Суу айылындагы Жоомарт орто мектебинин директору Д.Иметкулованын жана мал чарба адиси К.Токтогазиевдин билдирүүсүн угуп талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мазар-Суу айылында жаңы курулуп жаткан мектебинин айланасына жаңы отургузулган баалуу карагай көчөттөрүн суугат суу менен камсыз кылуу үчүн Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча акча каражаттардын эсебинен 12 000 ( он эки миң) сом бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Чолпон-Ата айыл аймагынын тургундарынын кара малын идентификациялык катар санын базага киргизүү үчүн мал чарба адиси К.Токтогазиевке Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө түшкөн кошумча акча каражаттардын эсебинен 10 000 ( он миң) сом бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |