Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-апрели № 53
Чолпон-Ата айыл аймагынын Ак-Тектир айылынын тургуну Назаркулов Өмүрбектин өтүнүч каты жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагынын Ак-Тектир айылынын тургуну Назаркулов Өмүрбектин өтүнүч катын М.Абдылдаев айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жаыялагандыгына байланыштуу Мына бизде ушундай кооз жер,боорукер эл бар деп даңазалоо максатында, толук метраждуу “Жолугушуу” аттуу фильм Чолпон-Ата айыл аймагында тартыла тургандыгына байланыштуу Чолпон-Ата айыл өкмөтү тарабынан 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты кошумча түшкөн каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |