Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-июлу № 56
КР Президентинин 2018-жылды “ Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын турмушка ашыруу боюнча маданият кызматкерлеринин аткарылып жаткан иштери жөнүндө
КР Президентинин 2018-жылды “ Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын турмушка ашыруу боюнча маданият кызматкерлеринин аткарылып жаткан иштерин М.Абдылдаев айылдык кеңеши карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Президентинин 2018-жылды “ Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын турмушка ашыруу боюнча маданият кызматкерлеринин аткарылып жаткан иштери боюнча маданият кызматкерлеринин берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Маданият кызматкерлеринин иштеген иштеринде көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп элге жакшы кызмат өтөп жаткандыгы белгиленсин.
3.Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |