Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-июлу № 57
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө келген техникаларды иштетүү боюнча айлык акы жана ар кандай чыгымдар, баасын бекитүү жөнундө
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө келген техникаларды иштетүү боюнча айлык акы жана ар кандай чыгымдар, баасын бекитүү боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңешинин кезектеги 12-сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө келген техникаларды иштетүү боюнча айлык акы жана ар кандай чыгымдар, баасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Чөп престөөчү Прессподборщиктин кызмат акысы үчүн ар бир прес чөпкө 13 сомдон акы белгиленсин.
Погрузчик трактордун кызматы үчүн саатына 2200 сом болуп акча
каражаттары бекитилсин.
Погрузчиктин чогулган акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
Айдоочунун эмгек акысына 400 сом
Күйүүчү майга 1175 сом
Жайыт чыгымдарына 355 сом
Ар кандай чыгымдарына 100 сом
Майлоочу майга 170 сом
2. Бул токтом www.Cholponata.org сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Төрага | С. Кылданов |