Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры № 7/1
Кара-Суу шаарынын 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара - Суу шаарынын 2019-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 68052,6 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 7560,0 миң сом – атайын каражат;
2. Кара - Суу шаарынын 2019-жылга карата бюджетинин киреше бөлугу тиркемелерде корсотулгон булактар боюнча тушуулөрдун эсебинен тузулө тургандыгы белгиленсин.
3. 2019-жылга карата чыгашаларды каржылоо накталай алынган кирешелердин чегинде жургүзүлө тургандыгы белгиленсин. Мында, биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төгүмдөр, медикаменттер, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул, стипендиялар) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1)Чыгашалардын корголгон статьялары бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн;
2)Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт;
4. 2018-жылы жеткиликтүү каржыланбай калган чыгашалар 2019-жылга карата бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана анын чегинде гана компенсациялана тургандыгы белгиленсин.
5. Кара - Суу шаары боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2019-жылдын 1-январына карата 10,0 миң сом суммасында бекитилсин.
6. Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан салынган айып акылар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр - 100 % шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусуна тыюу салынсын. Корсотулгон тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
7. Тармактар боюнча чыгымдар томонкудой бекитилсин:
1) Башкаруу аппаратын кармоонун чыгымдары 9526,3 мин сом, анын ичинен;
2) шаардык кенештин айлык акы 1288,0 мин сом, соцфондко чегеруулор 1974,5 мин сом, ошондой эле шаардык кенештин кызматкерлерине ар квартал сайын 1 айлык акы олчомундо толоо берилсин.
3) Шаардык кенештин, шаар мэриясынын типтуу тузуму жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомдорунун негизинде бекитилсин;
4) Коомдук тартипти сактоонун чыгымдары 50,0 мин сом.
5) Шаардын муниципалдык департаментинин чыгымдары 24088,3 мин сом, а.и.айлык акы 2553,4 мин сом, соцфондко чегеруулор 440,5 мин сом, 2019-жылы ондоп-тузоо(ремонт) жана курулуш иштерине –
-Кара-Суу шаар Г. Айтиев кочосунун тундук жагынан МЭЗ кочосу менен кесилишкен жеринен темир жолго чейинки аралыктагы арыка темир бетондон латок коюууга- 300,0 мин сом,
-Культурная кочого 635 метр аралыкка жалпы асфальт тошоого – 1000,0 мин сом,
-Кушбаков кочосунон,Ош кочосуно чейин аралыктагы арыка темир бетондон латок орнотууга (монолит куюуу)-500,0 мин сом,
-Ленин кочосунун МЭЗ кочосунон Салиева кочосуно чейинки аралыкка темир тосмо орнотууга- 700,0 мин сом,
-К Рахимов атындагы о.м Крупская кочосу жагындагы трансформатордун айланасын темир тосмо тосууга- 20,0 мин сом,
-К. Рахимов атындагы о.м буу казанынын имараттын ичиндеги электр зымдарын жанылап сыртка чыгарууга- 20,0 мин сом,
-К. Рахимов атындагы орто мектебинин от казанынын имаратын ремонттоого – 50,0 мин сом.
-З.М. Бабур атындагы орто мектебинин чатырынын 400 метр аралыкка аценковый туникеден жолуб коюууга – 300,0 мин сом,
-Юбилейный» кичи шаарчасындагы №10 коп кабаттуу уйдун алды жагына кун батыш жагынан Ленин кочого чейинки арыкка латок куюууга ( монолит куюуу) – 200,0 мин сом.
-Арашан кичи шаарчасына 12 даана олтургучтарды орнотуу, 12 даана акыр-чикирлерди таштоочу урналарды орнотуу, тунку жарыткыч коюуу - 100,0 мин сом,
-Ленин кочосундогу темир бетондон коюлган темир тосмолорду ремонттоого жана фонтандын 6 даана насосун, форсункаларын алмаштырып ремонттоого - 300,0 мин сом,
-Мамлекеттик администрациянын алдындагы башкы аянттагы гул эгилген жердин айланасындагы темир тосмолорду ремонттоп сырлоого - 200,0 мин сом,
-Башкы аянттагы В.И. Лениндин эстелигин ремонттоого - 50,0 мин сом,
-Кочолорго шагыл тогуп тегиздоого - 400,0 мин сом,
- Шаардын айлампа жолдорунун жыртыктарны жамоо (ямочный ремонт) - 1414,0 мин сом,
- Шаардын кочолорундогу тунку жарыткычтарды светодиодтук жарыткычтарга алмаштырууга - 400,0 мин сом.
- Шаардын Ленин кочосундогу 5 даана светофорлорду ремонттоого - 100,0 мин сом,
- Мэриянын имаратынын он канатын, шаардык кенештин торагасынын иш болмосун, кабылдама жана жооптуу катчынын иш болмосун капиталдык ремонттоого - 2000,0 мин сом,
- Ленин кочосундогу «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдындагы гулкананын реконструкциялоого - 50,0 мин сом,
- Линеный кочосуно темир бетондон латок коюууга - 288,8 мин сом,
- П. Лумумба кочосуно темир бетондон латок коюууга - 176,7 мин сом,
- Ош кочосуно темир бетондон латок коюууга 1 248 981 сом смета боюнча - 1000,0 мин сом,
- К. Маркс, Энгельс, Нариман кочолоруно жалпы асфальт тошоого - 2000,0 мин сом,
- Нурахунов, Первомайский кочолорундогу 2 даана ТП нын айланасына тосмо куру - 500,0 мин сом,
- Умаров кочосуно темир бетондон латок коюууга - 618,0 мин сом,
- К.Жакыпов атындагы гимназия мектебинин Салиева жана Х.Турсунов кочо жактарынын тосмо кою тосууга -1200,0 мин сом,
жалпысы - 13355,5 мин сом.
6) Коммуналдык тейлоонун чыгымдары 11226,7 мин сом, анын ичинен айлык акы 816,0 мин сом, соцфондко чегеруулор 140,7 мин сом, субцидиялар 10270,0 мин сом, мындан Ак-Мээнет а.к,-8800,0 мин сом, Кара-Суу таза-суу мун.ишканасына-210,0 мин сом, Суу таза-суу мун.ишканасына 2 жылдык кредит %-ти 580,0 м.с. 2-жылдык - 1260,0 мин сом,
7) Спорт жана маданият тармагы 2578,0 мин сом,
8) Кара-Суу шаарынын “ Манас ” стадионуна 519,0 мин сом, а.и. айлык акы 191,0 мин сом, соц.фондго чегеруу 33,0 мин сом,
9) Билим беруу тармагы 11884,3 мин сом, анын ичинен тамак-аш 3368,3 мин сом;
10) Социалдык жардам 700,0 мин сом;
8. Кара - Суу шаарынын мэриясы 2019 – жыл ичинде жергиликтуу бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтуу бюджетинин киреше болугун азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине озгортуулорго;
- керектуу учурларда бюджеттин чыгашалар болугуно киргизилген озгортуулорго байланыштуу акча каражатын шаардык кенеште каралганга чейин шаардык Кенешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердуулук боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетууго;
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча тушуулорунун эсебинен шаардын жергиликтуу бюджеттин чыгаша болугун кобойтууну карап чыгууга;
- тиешелуу органдар тарабынан кабыл алган ченемдик актыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтуу оз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин оз ара эсептешуулоруно тактоолорду киргизууго;
9. Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2011 – жылдын 30 – декабрындагы № 767 жана 2006 – жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомдоруна ылайык менчик женил автоуналарын кызматтык максаттарга пайдалангандыгы учун шаардын вице - мэрине сметада каралган куйуучу майларды жана автоондоого кетуучу чыгымдарга каражат болуп берилсин.
10. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин, бул токтомдун аткарылышы шаардын мэриясына, козомолдоо шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Хатамов |