Загрузка документа…
А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-декабры 21/1
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2019–жылга бюджетин бекитүү жана 2020- 2022-жылдарга долбоорун жактыруу жөнүндө
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кенеши күн тартибинде маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016 – жылдын 16 майындагы № 59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2019 – жылдын бюджети киреше булагы 20950,8 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 20950,8 мин сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2020 – жыл учун негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 21910,0 мин сомго жана чыгаша болугу 21910,0 мин сомго № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2021 – жыл учун негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 22855,3 мин сомго жана чыгаша болугу 22855,3 мин сомго № 3 тиркемеге ылайык жактырылсын.
4. Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге(эмгек акы, Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна, коммуналдык чыгымдарга, тамак – аш, аз камсыз болгон үй – бүлөлөргө жөлөк пул) жүргүзүлсүн.
5. Бекитилген каражаттар казыналыкты айланып өтүү жолу менен пайдаланууга тыюу салынсын.
6. А. Масалиев айыл өкмөтүнүн 2019 – жылга жергиликтүү бюджети 2019 – жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Абдурахманов |