Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-ноябры № 01
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII -чакырылышынын XII-кезектеги сессиясында, Ак-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Э.Оморкановдун билдирүүсүн угуп, Ак-Дөбө айыл кеңешинин депутаттары талкуулап Ак-Дөбө айылдык кенешинин VII-чакырлышынын XII-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата райондук соттук аткаруучулар кызматкерлеринин 2018-жылдын 29-октябрындагы №02-7/161 сандуу сунушу канатаандырарлык эмес деп табылсын
2. Сунушта көрсөтүлгөн 1,918,558 (Бир миллион тогуз жүз он сегиз миң беш жүз элүү сегиз) сом акча каражаты Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен төлөнбөсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Э.Оморкановго милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Сагынбаев |